• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-февралда саат 02:18де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3.5 балл, Икизяк, Эркештам айылдарында 3 балл, Көк-Суу айылында 2.5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий