• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10-сентябрда саат 17:51де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий