• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титиреди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 3-январда саат 07:01де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий