• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда 10 айда жол кырсыгынан 102 адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кечээ, 21-ноябрь күнү бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү күнүн уюштурушту. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек - Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун боюнда жайгашкан айылдардын тургундары, дин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун Мады, Отуз-Адыр жана Алай районунун Жаңы-Алай аймагынын айыл башчылары, Ош облустук билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жол кыймылынын жаш инспекторлору, Ош облустук казыятынын өкүлдөрү жана ЖККК кызматкерлери катышты.

Эскерүү максатында чогулгандардын арасынан чыгып сүйлөгөндөр жол-транспорт кырсыгынан каза болгон жарандарды эскерүү менен жер-жерлерде жарандар арасында жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү белгилешти. Иш-чара убагында жол кыймылынын жаш инспекторлору айдоочуларга жол эрежелерин сактоо багытында атайын китепчелерди таркатышты.

Белгиленгендей, Ош облусунун аймагында 2021- жылдын 10 ай ичинде жалпысынан 660 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 102 жаран каза болсо, 1 миң 157 жаран ар түрдүү жараттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий