• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун аймагындагы мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Ош облусунун аймагындагы мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанатына байланыштуу коомдук коопсуздукту, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жер жерлерде иш алып барууда.

"Мындан тышкары, ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун жана Ош ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкерлери дагы тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облустун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган туруктуу жана жылып жүрүүчү посттор, түнкү кайгуулдар түзүлгөн.

Ош облусунун аймагында жалпы 563 билим берүү мекемелери бар, Алай районунда-54, Араван районунда-60, Кара-Суу районунда-145. Ноокат районунда-120, Кара-Кулжа районунда-58, Өзгөн районунда-108, жана Чон-Алай районунда-18.

Белгиленгендей, мындан тышкары Ош облусу аркылуу өтүүчү Бишке – Ош, Ош – Сары-Таш – Эркештам, Ош – Исфана эл аралык маанидеги авто жолдордун боюнда 48 мектеп жайгашкан. Аталган жол боюндагы мектептердин аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган 16 мобилдик жылып жүрүүчү посттор уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий