• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймактарында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош облусунун аймактары залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан, бүгүн, 18-июнда облустун Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Алай райондорунда жайгашкан ФАПтарга, мектептерге, бала бакчаларга, дүкөндөргө жана башка коомдук жайларга хлор аралашмасы чачылды.

Бул иш-аракеттер өлкөбүздүн бардык аймагында КР ӨКМ тарабынан улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий