• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймактарында жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ош облусунун аймактарында жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, республиканын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, жаан чачындын кесепеттеринин алдын алуу максатында, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү жана райондук деңгээлдеги Жарандык коргонуу комиссиялары жеринде кароо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Алай районунун Гүлчө айылындагы Кырк-Күңгөй участкасындагы жалпы 8 сел тосмолорго жана Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы 3, Караташ айыл аймагындагы 3 жана Исанов айыл аймагындагы 2, жалпы 8 сел тосмолору каралды.

Тактап айтсак, тартылуучу күч жана каражаттарды даярдыкка келтирүү боюнча эскертмелер берилип, кооптуулугу курч райондук Суу чарба башкармалыктарынын башчыларына каналдардагы суунун деңгээлин көзөмөлдөө жана сууну кырдаалга жараша токтотуу милдеттери коюлду.

Белгилей кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштары токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий