• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрь күнү Ош облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган жана үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңешме болуп өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары, район акимдери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Жыйында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары оруп жыйноо жумуштарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча кийинки жылга пландар тууралуу сөз болду.

Президентинин өкүлү Ош облусу агрардык аймак экенин айтып, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди. Ошондой эле айыл чарбасында органикалык жер семирткичтерди колдонуу, интенсивдүү бактарды көбөйтүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий