• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда бала бакча курулду

Аймак 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда бала бакча курулду. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл аймагына караштуу Сүткор айылына жана Ноокат районунун Найман айыл аймагына караштуу Улуу Тоо айылына бала бакча курулду.

Сүткор айылына курулган 30 орундук бала бакчанын куруу иштери жыйынтыкталып, азыркы мезгилдин талаптарына жооп бере турган заманбап бала бакча болду.

Ал эми Улуу Тоо айылында курулган 15 орундуу бакчанын куруу иштери жалпы эсеп менен 2 млн 78 миң сомду түзүп, анын ичинен жергиликтүү бюджет 238 199 сом, "KOICA" уюмунун эсебинен 1 млн 742 миң сом каражат сарпталып, айылдын калкынын эсебинен 75 миң сом чогултулуп берилген. Азыркы тапта ички жасалгалоо жумуштары аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий