• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун башчысы Алай районунун тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында элеттиктер таза суу, билим берүү мекемелеринин курулушу, жер тилкеси, айылдагы көйгөйлүү маселелер, арзан пайыздагы насыяларды алуу шарттары жана жөлөк пул алуу боюнча суроолорду беришти. Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, жыйынга катышкан облустук жана райондук мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, 11-апрелден тарта КР президентинин тапшырмасына ылайык, Ош облусунун башчысы Жамалдинов Ош облусунун райондорунда тургундар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Буга чейин мындай жолугушуулар Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий