• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун башчысы Араван районуна барды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапары менен Араван районуна барды. Бул тууралуу Оштогу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы иш сапарынын алкагында Кайрагач-Арык айылында курулушу жүрүп жаткан 60 орундуу балдар бакчасы, №23 А.Тургунов атындагы жатак мектебинин жаңы имараты жана Мангыт айылындагы 50 койкалуу ооруканын имараты менен таанышты.

Ошондой эле жаңы ачылган 250 орундуу тигүү цех, ташты кайра иштетүүчү өндүрүш ишканаларын көрүп чыкты.

Иш сапарда айыл чарба тармагында иш алып барып жаткан мекемелер менен таанышты. Мындан сырткары, Араван районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Пикир

Оставить комментарий