• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош облусунун башчысы БУУнун өкүлү Улзийсурен Жамсран менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Бириккен Улуттар Уюмунун “БУУ-Аялдар” уюмунун өкүлү Улзийсурен Жамсранды кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда аялдардын укугун коргоо, билимин жогорулатуу, аялдарга жумуш ордун түзүү жана башка маселелер боюнча сүйлөшүштү.

“БУУ-Аялдар” уюму Ош облусунда аймактардагы аялдарды кыска убакыттын ичинде атайын кесипке окутуу (тигүүчү ж.б), аймактарда жашаган ишкер аялдарды колдоо жана бизнесин өнүктүрүү максатында “Ишкер аялды колдоо” аттуу жарманкелерди жана башка иш-чараларды уюштуруп келишет.

Пикир

Оставить комментарий