• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун башчысы чет элдик өнөктөштөр менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов "Кыргызстандагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору" эл аралык "Гуд Нейборс Интернешнл" уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Чжун Хонг Су жана Сун Чжени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жана эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Ош облусунун башчысы аталган уюм менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

"Буга чейин Ош облусунун аймагында "Гуд Нейборс Интернешнл" гуманитардык уюму Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (КОИКА) менен биргеликте 15 айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана өнөр жай базасын түзүүгө салым кошкон. Мындай конструктивдүү, бирдей деңгээлдеги жана ачык мамилелердин социалдык-экономикалык жана башка турмуштук чөйрөдө болуп туруусун биз абдан баалайбыз жана кызматташууга даярбыз", - деди Зиядин Жамалдинов.

Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өркүндөтүү аркылуу айылдын жашоо чөйрөсүн жана киреше алып келүүчү иш-чараларды жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий