• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун башчысы "Достук" бекетиндеги абал менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов "Достук" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жаңыдан курулуп жаткан заманбап өткөрмө бекети аяктаса, тейлөө сапаты жакшырып, коррупциялык механизмдер чектелет. Ошондой эле санитардык көзөмөл бекетинин санитардык абалы начар болгондуктан Ош облустук санэпидкөзөмөлгө оңдоо үчүн 1 ай убакыт берилди.

Ошондой эле Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Макамбаевге талапка ылайык жайгаштырууну уюштуруу, жарандарга бирдей артыкчылык берүү менен тейлөө сапатын уюштуруу үчүн 1 ай мөөнөт берилди.

Пикир

Оставить комментарий