• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун башчысы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Ош облусунда үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук зомбулукту алдын алуу боюнча онлайн жыйын өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга облус башчысы Жарасул Абдураимов, өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, райондук администрация башчылары, орун басарлары жана социалдык маселелер боюнча адистери катышты.

Коллегияда Ош облусундагы үй бүлөлүк жана балдарга болгон зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, алдын алуу, кесепетин жоюууга, зордук зомбулукка кабылган жарандарга колдоо көрсөтүү жана түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү талкууланды.

Ошондой эле Ош облусунда спортту өнүктүрүү, жетишкендиктер жана пландалган иш-чаралар, билим берүү тармагындагы иш-чаралар, окуучулардын жетишкендиктери, начар көрсөткүчтөгү райондор жана башка маселелер жана COVID-19га каршы Ош облусунда жарандарды эмдөө үчүн вакцина жасоочу пункттардын ачылышын жана эмдөө тартиби талкууланды.

Жыйында Жарасул Абдураимов тиешелүү кызматтарга үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү иш-чараларын күчөтүүнү жана зомбулукка кабылган жарандарга жардам берүүдө реабилитациялык борборлор менен иштешүүнү тапшырды.

Ошондой эле быйыл былтыркыга салыштырмалуу Ош облусунда Спорт, билим берүү тармагында натыйжа жакшы экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий