• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун башчысы Кара-Суу районундагы Арипжан айылына барды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагындагы Арипжан айылына барды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айылдыктар мектеп менен бала бакчага көп жылдан бери муктаж болуп келишет. Аталган маселелерди чечүү үчүн облус башчысы жергиликтүүлөр менен жеринде жолугушту.

Архитектура жана башка тийиштүү кызматкерлерге курулушка ылайыктуу жер тилкесин табууну тапшырып, бала бакча менен мектептин чиймесин спорттук залы менен бирге заманбап кылып кылып чийүү керектигин айтты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда ар түрдүү социалдык маселелерин айтышып, өзгөчө Арипжан айылына мыйзамдуу айыл статусу бериле элек, ошол маселени чечип берүүнү суранышты.

Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов айтылган маселелер боюча тез аранын ичинде тийиштүү документтерди даярдап, тийиштүү жетекчилерге маселени чечүүгө тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий