• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош облусунун башчысы Кара-Суу районундагы тамеки заводуна барды

Аймак 0

Бишкек 29.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айыл аймагында жайгашкан “Ош-Дюбек” тамеки заводуна барды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сырьёнун жетишсиздигинен жана жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу завод толук кандуу иштебей турат. Ошол себептен бул ишкананы логистикалык борборго ыйлайыкташтырып оӊдоп-түзөп, пайдалануу үчүн имараттын абалын көрүп чыкты.

Кара-Суу районунуна болгон иш-сапарынын алкагында Ош облус башчысы Жаңы-Арык айылындагы “Кыргыз-Травертин” ишканасына барды. Ал жерде сары ташты жууп-тазалоо, керектүү өлчөмдөө кыркуу жана башка даярдоо процессин көрүп чыкты.

Ишкананын ээсине заводду мындан ары да өнүктүрүү үчүн мамлекет тараптан ар тараптуу жардам берилээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий