• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Ош облусундагы башчысы Зиядин Жамалдинов Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында Ош облусунун башчысы Өзгөн шаарындагы унаатыгын көйгөйүнө токтолуп, шаардын борбордук базарында жол белгилери жок экенин айтты.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы аталган көйгөйдү алтернативдүү жол куруу менен гана чечилет деп билдирди. Ал эми жол белгилерин көбөйтүү боюнча сунуш берилгенин кошумчалады.

Төрт-Көл, Кароол жана Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары мектеп борбордук көчөгө жакын жайгашкандыктан жол чырак орнотуу керектигин айтышты. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысына жеринен барып таанышып, зарыл болсо жол чырак орнотуу маселесин тапшырды.

Салам-Алик айылынын тургуну көмүр кендерге каттаган оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп, жергиликтүү жашоочулардын үйүнө чаң кирип жатканын айтты.

Ош облусунун башчысы аталган көйгөйдү чечүү жолдорун атап, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жолдорго суу себүүнү ал эми транспорт тармагындагы мекеме жетекчисине оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө үчүн коюлган тараза текшерүүчү жайын эртерээк ишке киргизүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Өзгөн шаарынын мэрине тапшырма берип, калаада мыйзамсыз түшкөн, тратуарга чыгып кеткен курулуштарды сүрдүрүп, тротуарды кайра калыбына келтирүү иштерин алып барууну айтты.

Пикир

Оставить комментарий