• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун башчысы Өзгөндө сел агызып каза тапкан баланын ата-энесине көңүл айтты

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов сел агызып каза болгон баланын ата-энесинен кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Абдураимов жабыркаган үй-бүлөгө көңүл айтуу менен бирге материалдык жардам көрсөттү.

“Болуп өткөн окуяны угуп, терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сиздердин абалыңыздарды түшүнүп турам. Айттырбай келген кырсык чырактай балабыздын өмүрүн алды. Сиздердин үй-бүлөңүздөрдүн кайгысын тең бөлүшүү менен көңүл айтам”, - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-майда саат 13:20лар чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ал учурда кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы У.А. аттуу баланы сел агызып кеткен. Аталган бала туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий