• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Уристем Манапов Ош облусунун жеке маселе менен кайрылган тургундарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-январь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун тургундары мектептеги көйгөйлөр, айылдагы көйгөйлүү маселелер материалдык жардам жана жер тилке маселелери менен кайрылышты. Өкүлдүн орун басары жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү адистерге жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алуу күнү.

Пикир

Оставить комментарий