• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылган тургундарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер тилке, жол маселелери менен кайрылышты.

Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий