• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунун башчысы жер көчкүнүн алдында калган С.Касымовдун үй-бүлөсүнө жардам бөлүүнү убадалады

Аймак 0

Ош, 17-апрель /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев Өзгөн районунун Шамал-Терек айылындагы Ындыбай тилкесиндеги жер көчкү түшкөн жерге барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 14-апрелде саат 24:00дор чамасында Өзгөн районунун Шамал-Терек айылындагы Ындыбай тилкесинде жер күчкү жүргөн, анын көлөмү болжол менен 21 миң метркубду түзүп, ал жергиликтүү тургун С.Касымовдун турак үйүн басып калган.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ыйгарымдуу өкүл куткаруу-издөө жана тазалоо иштери менен таанышып, жер көчкүнүн алдында калган С.Касымовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

“Жер көчкү эч кандай коркунуч жок жерден түшкөн. Мен каза болгондун үй-бүлөсүнө жана бардык жакындарына көңүл айтам. Азыр тынымсыз жааган жаандын жыйынтыгында жер көчкүлөрдүн активдүүлүгү байкалып жаткан учур. Мен жергиликтүү жашоочуларды ӨКМнын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жер көчкү жүрүүсү мүмкүндүгү тууралуу эскертүүлөрүнө көңүл бурууга чакырам. Эң башкысы – адамдын өмүрүн сактап калуу керек, калганы табылат. Жабыркагандардын эч бири көчөдө калбайт. Мамлекет бар, мамлекет тарабынан ар түрдүү жардам көрсөтүлөт, ошондой эле, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынан дагы жер көчкүнүн алдында калып каза болгондун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилет”,-деди өкүл.

Азыркы учурда аталган тилкеде куткаруу-издөө иштерине атайын техникалар жана ӨКМнын 35 куткаруучусу тартылган, жергиликтүү тургундар аларга жардам беришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий