• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов добуш берди

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5427 шайлоо участогунда добуш берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Зиядин Жамалдинов Ош облусунун тургундарын шайлоого активдүү катышууга, добуш сатпоого чакырды. Ошондой эле бүгүн өлкөдө таза шайлоо өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Белгиленгендей, парламенттик шайлоо өткөрүүгө Ош облусунун аймагында 515 шайлоо тилкеси ачылган жана 765 миң 265 шайлоочу бар.

Пикир

Оставить комментарий