• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош облусунун башчысынын орун басары жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары онлайн форматта катышты.

Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер, жайыт, жер тилке маселеси, турак жай, материалдык жардам жана жеке маселелери менен кайрылды. Ош облус башчысын орун басары жарандардын көйгөйлөрүн угуп, онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Пикир

Оставить комментарий