• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана Ош облусунун билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.

Иш-чарада “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи”, “Мектепке чейинки билим берүүнү модернизациялоонун приоритеттүү багыттары”, “Бекем базалык билим-сапаттуу билимдин өбөлгөсү”, “Мектеп-ЖОЖ-мектеп”, “ Көп тилдүү билим берүү” аталышындагы баяндамалар жасалды.

Мындан сырткары, алдыңкы ийгиликке жетишкен мугалим, мыкты окуучуларга Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан ардак громаталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин кезектеги педагогикалык кеңешмесинин жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий