• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун бир нече районунда көмүр 3 миң сомдон сатылууда — даректери

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Күн мурун Ош облусунун аймагында тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштаган.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 3 миң сомдук көмүрдүн бүгүнкү күндө сатылып жаткан даректери тууралуу маалымат берди.

Ноокат району

1. Мирмахмудов айыл өкмөтү, аэропорт участкасы

2. Кулатов айыл өкмөтү, Абшыр-Ата айылы.

Кара-Суу району

1. Жоош айыл өкмөтүнүн имараты

2. Сарай айыл өкмөтүнүн имараты

Кара-Кулжа району

1. Кара-Кулжа айылы, болжол " Кулун-Ата" АЗС

Араван району

1. Алля Анаров айыл өкмөтү, Пахта завод.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык, Ош облусунун райондорунда тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады.

Пикир

Оставить комментарий