• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун эки айыл аймагында укук бузуулардын алдын алуу күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Сары-Булак айыл аймактарында 17-февралда укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты кылмыштын келип чыгуусуна себепчи болгон маселелердин алдын алуу болуп саналат. Жолугушууда жашоочулар таза суу тартыштыгы, электр энергиясынын бат-баттан өчүрүлүшү, жайыт маселеси, турак жай үчүн жер тилке алуу жана көчкү жүрүү кооптуулугу бар жердеги жашоочуларды коопсуз жайга жайгаштыруу сыяктуу маселелер.

Калктын мындай талаптарынын айрымдары жеринде чечилди. Ал эми калган муктаждыктар аймактык жана райондук деңгээлде каралып, иш жүзүндө орундатылаарын тиешелүү кызмат өкүлдөрү маалымдашты.

Мындай иш-чара Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде ар аптанын шаршемби күндөрү уюштурулуп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий