• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош облусунун ички иштер башкармалыгында өмүрүн элине арнаган кызматкерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгында ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгондорду эскеришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара куран окуу жана бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов, Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Токтосун Боркошов жана башкармалыктын бөлүм кызмат башчылары кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин айкелине гүлчамбарларды коюшту.

Ош ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов кызмат учурунда курман болгон кесиптештеринин дээрлик көпчүлүгү менен чогуу иштешкендиктен алардын эрдиги жана өрнөктүү өмүрү туурасында жаш кызматкерлерге айтып берди. Алардын элеси эч качан кесиптештеринин эсинен чыкпай тургандыгын жана өрнөктүү өмүрлөрү жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуп, кыргыз милициясынын тарыхында ысымдары түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып, алардын ысымдары менен көчөлөрдүн, мектептердин аттары аталгандыгын жана алар жөнүндө китептер жазылып, документалдуу фильмдер тартылгандыгын баса белгиледи.

“Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн сактоодо, коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жарандардын укуктарын коргоо учурунда баатырларча курман болушкан КР ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу болуп саналат.

1991-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушкан милиция кызматкерлеринин саны 35 ке жеткен. Алардын айрымдарынын ысымдарын атай кетчү болсок, милициянын полковниктери Алиев Уран Маматканович, Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын майорлору Эргешов Жылдызбек Абдрахманович, Коробаев Маматай Жунусович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурланбек Жанышович, Шамурзаев Уран Жумаевич, Маккамбаев Руслан Байышович, милициянын старшиналары Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Бокоев Жээнбек Парпиевич ж.б.”, - деп айтылат маалыматта

Белгилей кетсек, эскерүү күнү КР ички иштер министринин буйругунун негизинде 2016-жылдын 15-майынан тарта белгилене баштаган.

Пикир

Оставить комментарий