• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун калкынын дээрлик 76% таза суу менен камсыз болгон

Аймак 0

Ош, 06.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. 2017-жылы Ош облусунун 374 айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун аймагындагы 484 айылда 1 млн 183 миң 283 адам жашайт. Алардын 972 миң 657 жашоочусу таза суу колдонушат, башкача айтканда Ош облусунун жалпы калкынын 75,6% түзөт.

Калган 110 айылда ичүүчү таза суу көйгөйү бар, башкача айтканда Ош облусунун калкынын 24,1 пайызы же 308 миң 529 адамга таза суу түздөн-түз жетпейт.

Пикир

Оставить комментарий