• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун Кожокелен айылында кичи-ГЭС курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/ Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелен айылында жаңы кичи-ГЭС курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кечээ өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кичи-ГЭС курула турган жай менен таанышып, Кожокелен айылынын эли менен жолукту. Аталган айыл Кара-Суунун райондук борборунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Маалыматка ылайык, кичи-ГЭС курулгандан соң жергиликтүү калктын электр энергиясы менен камсыздалышы жакшырат. Ошондой эле жергиликтүү бюджетке салыктык төлөмдөр көбөйөт.

Пикир

Оставить комментарий