• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун Маданият айылындагы №42 мектептин курулушу 70%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Ош облусунун Маданият айылындагы №42 мектептин курулушу 70%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мектептин курулушу быйыл январь айында башталган. Ал 225 орунга эсептелген. Мектеп Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыянын эсебинен курулууда.

Аталган мектеп 2021-жылы бүткөрүлөт. Анын курулушуна жалпы 890,8 миң доллар сарпталат.

Пикир

Оставить комментарий