• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош облусунун Маданият айылындагы №42 мектептин курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Маданият айылындагы 225 окуучуга эсептелген №42 жаңы мектептин курулуш иштери аяктап жатат. Бул тууралуу КРнын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул билим берүү объектисинин даярдыгы 99%-ды түзөт.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштери бүткѳрүлүп, учурда аймакты жашылдандыруу, мектептин ашканасынын жана окуу жабдуулары орнотулууда. Ошондой эле окуу процессин жүргүзүү үчүн зарыл жабдуу окуу куралдары менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдѳ.

Белгилей кетсек, курулуш иштери быйылкы жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын эсебинне башталган. Анын сметалык баасы 890 миң 800 АКШ долларын түзүп, бүгүнкү күнгө фонд тарабынан 513 миң 258 АКШ доллары каржыланган.

Мектеп 2021-жылдын май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий