• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулушу 90%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы №42 мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 90%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттын курулуш 2020-жылдын январь айында башталган, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучулук орунга эсептелген.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жана тышкы келбеттердин сырдоо иштери аяктооодо. Учурда эмерек менен камсыздоо жана аймакты абаттоо боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланат, анын сметалык баасы 890 800 АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө фонд тарабынан 389 583 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун аяктоо 2021-жылдын май айына пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий