• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулушу жумушчу комиссиясына сунушталат

Аймак 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы 225 окуучуга эсептелген №42 жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү объектисинин даярдыгы 99,5 пайызды түзөт.

Долбоордун башкы инженери Токон Сатышев белгилегендей, бүгүнкү күндө курулуш объектиси, техникалык жана укуктук нормаларга ылайык, жумушчу комиссиясына көрсөтүү үчүн даярдоо иштеринин процесси жүрүп жатат.

Учурда аймакты жашылдандыруу, мектептин ашканасынын жана окуу жабдууларын орнотуу жана окуу процессин жүргүзүү үчүн зарыл жабдуу окуу куралдары менен камсыздоо иштери аяктоодо.

Белгилей кетсек, курулуш иштери быйылкы жылдын январь айында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынан башталган. Анын сметалык баасы 890 800 АКШ долларын түзгѳн.

Жаңы мектеп 2021-жылдын 1-июнда тапшырууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий