• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулуш иштери 55%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/.Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулуш иштери 55%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Маданият айылындагы мектептин курулушу 2020-жылы январь айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучулук орунга эсептелинген. Ал эми контрактка ылайык мектептин курулушунун сметалык баасы 890 800 АКШ долларын түзөт.

Объектте курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Имараттын жер иштери, пайдубал кураштыруу жана спорттук залдын металл фермалары монтаждоо иштери 100%га бүткөрүлдү. Учурда, кирпичтерин коюу жана күчөтүү монолиттик колонналардын бетондоо иштери жүрүүдѳ.

Белгилей кетсек, мектептин курулуш иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылган. Анда долбоор боюнча техникалык жана чеберчилик кабинети, медициналык кабинети, китепкана, окуу класстары, мугалимдердин кабинети, компьютердик класстар, илгич жайлар менен душ бѳлмѳлѳр, машыгуу залы, ашкана жана актовый залдары болот.

Пикир

Оставить комментарий