• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунун райондорунда ысырапкорчулукту жоюу боюнча иш-чаралар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-март күнү Өзгөн районунда ысырапкерчиликти жоюу боюнча иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облусундагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, диний ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Жыйналышта ысыракерчиликти жоюу боюнча жер-жерлерде жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча иш алып баруу тууралуу талкуу болуп, ишке ашыруу үчүн облус аймагында бирдиктүү жобо иштелип жатканы айтылды.

"Маркумду акыркы сапарга узатууда жана той аштардагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча облуста бирдиктүү жобо иштелип жатат. Биз ошол жобо боюнча иш алып барып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Аталган жобону жарандардын, диний ишмерлердин жана жергиликтүү бийликтин сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгабыз", - деди Зиядин Жамалдинов.

Эске сала кетсек, 24-февралда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий