• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош облусунун райондорундагы мектеп окуучуларына спектакль көрсөтүлө баштады

Маданият 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Ош облусунун райондорундагы мектеп окуучуларына спектакль көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө ОУДТ актерлору даярдаган “Амансынбы Апакем” аттуу спектакль мектеп окуучуларына тартууланды.

Иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, Ош облусунун райондорунда мектеп окуучуларына уюштурулуп жаткан спектаклдардын максатын түшүндүрдү.

“Азыр көпчүлүгүбүз спектаклдарга кирбей, театрларыбыз бош калды. Спектаклдердин балдарга берген тарбиялык мааниси абдан чоң. Себеби азыр жаштардын көпчүлүгү смартфондордон бошобой , интернеттен терс көрүнүштөрдү үйрөнүп жатат. Ошондуктан биз өсүп келе жаткан муунга маданий иш-чаралар аркылуу тарбия берип, багыт көрсөтөлү деп жатабыз”, - деди Зиядин Жамалдинов

Белгилей кетсек, буга чейин КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун райондорундагы мектеп окуучуларына спектакль көрсөтүүнү демилгелеп, ОУДТ жетекчилигине иш-чараларды уюштуруу тууралуу тапшырма берген.

Ошондой эле театр кызматкерлеринин чыгымдарына каржылык колдоо көрсөтөөрүн да билдирген болчу. Аталган демилгенин максаты өсүп келе жаткан муунга маданий иш-чаралар аркылуу тарбия берүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий