• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош облусунун Сары-Могол айылына банкомат орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Ош облусунун Сары-Могол айылына банкомат орнотулду. Бул тууралуу “РСК Банктын” басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сары-Могол айылы Талдык ашуусунун артында деңиз деңгээлинен 3 миң 616 метр бийиктикте жайгашкан.

Эми Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жана Алай районунун 3 айыл өкмөтүнүн жашоочулары жаңы банкомат аркылуу акчасы накталай алат.

Буга чейин тургундар акча алуу үчүн Гүлчө айылына барып, бир күн күндүк убактыларын коротушкан.

Пикир

Оставить комментарий