• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн I жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Коллегиялык отурумга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана облустагы мекеме жетекчилери катышты.

Жыйында Бактыбек Алайчиев Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди.

“Ош облусунда 2021-жылдын 6 айында өнөр-жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси - 156,2 пайызды түзүп 5 млрд 970 млн сомдук продукция өндүрүлдү, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси - 101,6 пайызды түзүп 16 млрд 960 млн сомдук продукция өндүрүлдү, салыктык кирешелер 105,7 пайызга аткарылып 1 млрд 304 млн сомду түздү, негизги капиталдык салымдын өздөштүрүү деңгээли-186 пайызга чыгып 2 млрд 279 млн сомду түздү жана чекене товар жүгүртүү - 118 пайыз 14 млрд 127 млн сомго аткарылды”, - деди Алайчиев

Мындан сырткары, Ош облусунун райондорунун акимдери, мекеме жетекчилери 6 айда аткарган жумуштар тууралуу маалымат беришти. Облустагы бир катар көйгөйлөр айтылып, аны чечүү жолдору талкууланды. Облус башчысы Зиядин Жамалдинов мамлекеттик каттоо кызматынын райондордогу башкармалыктарында коррупция бар экенин айтып, текшерүүнү тапшырды.

“Урматтуу укук коргоо органдары, мамлекеттик каттоо кызматынын райондордогу башкармалыктарын текшериңиздер. Чынында, коррупция гүлдөп кеткен. Биз элибизге ыӊгайлуу шарт түзүп беришибиз керек”, - деди Ош облусунун башчысы.

Коллегиялык отурумда айрым район акимдерине эскертүү берилди. Ошондой эле облустагы бардык тармак жетекчилерине 2021-жылдын экинчи жарымында аткарылуучу жумуштар тууралуу тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий