• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош облусунун ветеринарлары мотоцикл алышат

Аймак 0

Ош, 23-март /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Ош облусунун ветеринарларына 172 мотоцикл тапшырылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан, 88 айыл башкармалыктарынын ветеринарларына, ар бир айыл башкармалыгына экиден мотоцикл берилет. Бүгүнкү тапшыруу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, “АРИС” эл аралык уюмунун өкүлдөрү жана жергиликтүү ветеринарлар катышат.

Бул долбоор “АРИС” эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий