• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунун Жарандык коргонуу абалын комплекстик текшерүү башталды

Аймак 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Премьер-министр – Жарандык коргонуунун башчысынын жетекчилигинин астында 2019-жылдын 18-19-апрель күндөрү Ош облусунун Жарандык коргонуу абалын комплекстик текшерүү жүргүзүлүүдө.

Аталган текшерүүгө өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү, облустун жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтары, мекеме уюмдары, Жарандык коргонуу комиссиясы жана эвакокомиссиясы катышышууда.

Текшерүүнүн негизги максаты:

Ош облусунун Жарандык коргонуу абалына комплекстүү текшерүү өзгөчө кырдаал учурунда Жарандык коргонууну уюштуруусун жана иш-мерчемин текшерүү, облустук жана райондук жетекчилик курамды Жарандык коргонууга даярдоо;

  • Жетекчилик курамды маалымдоону жана жыйноону иш жүзүндө аткаруу;
  • Кетирилген кемчилдиктерди калыбына келтирүү жана усулдук жардам көрсөтүү.

Текшерүүнүн негизги багыттары:

Ош облусунун Жарандык коргонуу комиссиялары, эвакокомиссияларынын жөндөмдүүлүгүн тынчтык планынын негизинде Жарандык коргонуу жаатында тапшырмаларды аткарууга даярдыкка келтирүү:

  • Жарандык коргонуунун 2018-жылдагы даярдык планынын аткарылышы;
  • Калкты Жарандык коргонуу жаатында окутуунун жана уюштуруунун сапаты.

18-апрель күнү аталган текшерүүнүн мерчеминин негизинде Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилерине “Айгай” берилип, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кичи залына чогултулуп, Ош облустук Жарандык коргонуу башчысы – губернатор тарабынан атайын тапшырмалар берилди.

Текшерүүнү Өзгөчө кырлаалдар министрлигинин борбордук аппаратынан түзүлгөн атайын комиссия курамы өткөрүүдө.

Аталган текшерүү, Жарандык коргонуунун 2019-жылга даярдык планынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2013-жылдын 31-декабрындагы № 1249-буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун мекемелик жана аймактык Жарандык коргонуу тутумдарынын даярдык абалын текшерүү жана баалоо” боюнча талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий