• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош ОИИБи: Санитардык эрежелерди сактабаган ишкерлерге жана жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Санитардык эрежелерди сактабаган ишкерлерге жана жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери биргеликте коронавирус илдети менен ооругандардын саны көбөйүп бараткандыгына байланыштуу жергиликтүү эл арасында, соода-сатык борборлорунда, эс алуучу жайларда, мал базарларда жана коомдук тамактануучу жайларда санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо, той-мааракелерди токтотуп туруу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө Ош ОИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан калк арасында карантиндик нормалардын эрежелеринин сакталышы көзөмөлгө алынып келүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында жергиликтүү эл менен жолугушуударды жүргүзүшүп, санитардык нормалардын эрежелерин сактоо максатында коомдук транспорттордун айдоочулары жана таксисттер арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүшүүдө.

Катталып жаткан жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктар боюнча Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы күнүмдүк маалыматтарында талдоо жүргүзүп, тийиштүү чараларды көрүп келүүдө. Ушундай иш-чаралардын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында жайгашкан тойканалар, эс алуучу жайларда той маарекелерди өткөрүп жаткан учурлар кездешүүдө.

«Ошондуктан мындан ары санитардык эрежелерди бузган эс алуучу жайлардын, кафе, ресторандардын ээлерине жана той өткөргөн жарандарга карата санитардык-карантиндик эрежелердин негизинде мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертебиз. Урматтуу жарандар калкыбыздын саламаттыгын жана өзүӊүздөрдүн жакындарыӊыздардын коопсуздугу үчүн санитардык-карантиндик эрежелерди так сактоону суранабыз», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий