• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош: Погончон айымдар белек алышты (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 07.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын имаратында 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп жатышкан аял кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен бир топ айымдар кезектеги аскердик наамга, медалдарга жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 33 милиция кызматкери 34 жарандык кызматкер айымдар сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий