• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө соода түйүндөрүндө иштеген 17 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Ош шаардык милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан «Камкордук» деп аталган рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара милиция кызматкерлери тарабынан демилгеленип, билим берүү, социалдык жактан коргоо тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чаранын негизги максаты оор шарттарда иштеген, оор турмуштук кырдаалга туш болгон жашы жете элек балдарды, мектеп курагындагы кайыр сураган өспүрүмдөрдү аныктоо, аларга жардам көрсөтүү болуп саналат.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө жылуулук трассалары, жер төлөлөр, интернет клубдар, коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү текшерилди.

"Натыйжада балдар үйүнө 2 бала жеткирилип, 24 оор шартта жашаган өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү боюнча социалдык мекемелерге билдирилди. Мектепке барбай жаткан 9 өспүрүмдүн ата-энелери менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, мектепке кайтарылды. Жашы жетелек экендигине карабастан базарда, соода түйүндөрүндө иштеп жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Аныкталган фактыларга таянып, өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына 19, билим берүү тармагына 7, социалдык коргоо органдарына 22 кат жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө аныкталган оор шарттарда жашаган жана иштеген балдардын көпчүлүгү ички жана сырткы миграция менен келип, отурукташа баштаган жарандардын балдары экендиги аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий