• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 19:20 чамасында Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү такталууда) унаа жол жабылган.

Тазалоо иштерине 2 жүктөгүч, 1 Унимог, Алай РМАнын башчысы-аким жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылды.

Кар көчкү түшкөн жерде унаа тыгындарын болтурбоо үчүн Гүлчө (80-чакырым) жана Сары-Таш (184-чакырым) айылдарында ИИМ тарабынан посттор уюштурулуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий