• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 54-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук автоинспекциядан кабарлашты.

Кырсык 2-мартта саат 23:30 чамасында болгон.

27-жаштагы Ж.Ж. Howo жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып бир нече жолу оодарылып кеткен.

Айдоочу Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок өзүнө келбей каза болгон.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий