• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу сел суусунан тазалоо үчүн эки тараптуу жабылды

Аймак 0


Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу сел сууларынан тазалоо үчун эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелде саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Ош Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тазалоо иштерин жургүзүү максатында № ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык .Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий