• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош—Сары-Таш—Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районундагы Ош—Сары-Таш—Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жолунун 180-256-чакырымына чейинки аралыгы 25-февраль, саат 15:00дөн 26-февраль, саат 10:00гө жабылган. Ага туруксуз аба ырайы себеп болгондугу айтылат.

"Кырсыктарды алдын алуу максатында жол абал турукташкыча убактылуу эки тараптуу жабылды. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий