• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош: Шаар башчысы эл көйгөйүн жеринде чечүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Кечээ, 17-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №2 “Достук” жана № 3 “Сулайман-Тоо” аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту. Анда шаар башчысы менен жыйынга мекеме-ишканалардын жеткчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү. Алгач, өткөн жылдын күз айларында аталган аймактын жашоочулары менен болгон жолугушууда берилген протоколук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.

Андан соң, шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев акыркы төрт жыл аралыгында жасалган иш аракеттер боюнча элге отчет берип, алдыга коюлган иш пландар боюнча ой бөлүштү.

“Акыркы жылдары аткарылып жаткан иш аракеттерибиз элдин жыргалчылыгы, шаардын өнүгүп өсүшүнө болгон аракет. Шаардыктардын ден соолугуна кам көрүү багытын эске алып, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн айланасына комплекстүү имараттар түштү. Алар футбол академиясы, бокс жана оор атлетика жатак мектеби, вело жол. Ошондой эле,машыгуучу ачык аянт түшүп шаардыктар спорт менен машыгып жатышат. Ал эми шаарыбыздагы курулуштун революциясы дагы да болсо улана бермекчи”, - деди А.Кадырбаев.

Жыйындын алкагында аталган аймактык кеңешинин тургундары тарабынан канализация, жол, жарыктандыруу боюнча каттар келип, айрымдарды жеринде чечүү максатында тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеринен көрүп келүү максатында жөнөтүп жатты. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маселелри боюнча келип түшкөн каттарга жеке кабыл ала тургандыгын айтып, Сулайман-Тоо аймактык кеңешиндеги Мамаджан көчөсүнүн жээгинде мыйзамсыз дүкөндөр жабылып, ал жер асфальттала тургандыгын кошумчалап өттү.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин эл менен болгон жолугушуусу жылына эки ирет өтүп келет. Бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий