• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Аймак 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Кечээ, 18-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту,-деп билдирет Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жалпысынан 13 айыл камтылган, алардан өткөн жылы келип түшкөн протоколдук тапшырмалар менен алгач тааныштырылып, андан соң шаар башчысы Ош шаарында болуп жаткан ийгиликтер менен бөлүштү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайлангандан тарта шаардын чет жакаларындагы аймактарды өнүктүрүүнү негизги кадам катары белгилеп, айрым маселелерди эл менен жолугушуудан сырткары, жеринде көрүп келет. Бул кадам акыркы үч жыл аралыгында көп көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгын калаа башчысы өз сөзүндө кошумчалады.

“Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы маселелерди жеринде көрүп, орчундууларын акырындык менен чечип келе жатабыз. Жапалактын айрым айылдарында жалпысынан 10 км жол асфальтталды. Тээке айылына чоң мектеп курулуп тапшырылды, Озгур жана Пятилетка айылдарына бала бакча курулду. Учурда маал-маалы менен таза суу берилип жатат. Бул кадамдар дагы да болсо уланып Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы толугу менен таза суу менен камсыз болот”,- деди А.Кадырбаев.

Жыйындын жүрүшүндө кат жүзүндө суроолор келип түшүп, жеринде жооп берилди. Алар таза суу, жол, канализация, жарандарды каттоо. Ошондой эле Коңур-Жаз көчөсүндөгү электр чубалгыларын жаңылоону РЭСке жеринде тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алды. Ал эми темир заводунун жабылгандыгын айтып, полигонду жылдыруу боюнча жер маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кат аркылуу суроого жооп берип жатып билдирди. Жалпы келип түшкөн каттар протоколдоштурулду.

Жапалактыктар Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге жана анын командасы жүргүзүп жаткан алгылыктуу иш-аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Айта кетсек, шаар башчысынын эл менен болгон жолугушуусунун тогузунчу айлампасы жүрүп жатат, бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий